Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Адамдын жана жаныбарлардын жыт билүү органы» деген маанидеги мурун сөзүнүн бура «жытта», бур «шимшиле» этишинен келип чыкканы жөнүндө Ю. Немет, В. Мункачи, В- Банг, А. Зайончковский, Г. Рамстедттер айтышкан (Севортян, 1978, 270). Бирок бур этиши кайсы тилде «жытта» маанисин бергендиги көрсөтүлбөгөндүктөн, Э. В. Севортян буры «жыпар жыттануу, буркуроо» (мисалы: кырг. гүл бурады, жыт бурады) этишине байланыштырат (Севортян, 1978, 271). Уйгур тилинде пурумак этиши «жытта» маанисинде айтылат (УйРС, 260). Мына ошол этиш байыркы түрк тилдеринде буру түрүндө айтылган, ага зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалганып, бурун «жыт билүүчү орган» сөзү көлип чыккан. Кыргыз тилинде жана айрым түрк тилдеринде сөздүн башкы б тыбышы м тыбышына алмашып, мурун болуп калган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Мурда сөзүнө маанилеш мурун сөзү жогорку мурун сөзүнүн өтмө маанисинен келип чыккан. Ал үчүн мурун сөзүнүн мурун жак, мурун чакта деген тизмегинин аныкталгыч сөздөрү түшүп калып, аныктагычынын өзү эле калган. Натыйжада мурун чакта келди деген сүйлөм мурун келди болуп айтылып кеткен. Ушул сыяктуу жол менен мурун чакта деген сөздүн чак дегени же мурун+жакта дегендин жак дегени уңгунун аяккы мууну менен кошо түшүп калып, -да мүчөсү мур уңгусунан кийин улана турган болуп калган: мурин жакта>мурда, мурун чакта>мурда.